Сойкулук. Архивдик сүрөт

ЖМК: Анкарада кыргызстандык кыздарды сойкулукка мажбурлаган 8 киши кармалды

3887
(жаңыланган 11:47 16.02.2018)
Алдамчылар кыздарды турмушка чыгасыңар же иш таап беребиз деп алдап чакырышкан

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Анкара полициясынын адеп-ахлак бөлүмүнүн кызматкерлери кыргызстандык кыздарды сойкулукка мажбурлап иштеткен сегиз кишини кармады. Бул тууралуу Haberler басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар Украинадан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Молдовадан кыздарды Түркиядан күйөө же жумуш таап беребиз деп алдап чакырып турушкан.

Келгендердин документтерин алып, сойкулукка мажбурлап иштетишкен. Кармалгандар мындай ыкма менен алты аялды алдаганга жетишкен.

Басылманын жазышынча колго түшкөндөрдүн бирөө сойкулукка азгырган деп буга чейин да жоопкерчиликке тартылган.

3887
Белгилер:
ЖМК, сойкулук, Түркия
Тема боюнча
Бишкектеги жардыруу, Германияга сатылган 55 тонна жез. 90-жылдардагы кылмыштар
Бишкектеги Ош базардын аймагынан 12 сойку кармалды
АКШ аскерлери жашыруун маалымат үчүн сойкуларды белекке алган