Ат-Башыда минген аты келип, дайынсыз болгон ээси изделүүдө

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАт жетелеген адам. Архив
Ат жетелеген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштери бүгүн дагы улантылат

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылынын 44 жаштагы тургуну изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 13-февраль күнү Баш-Кайыңды айылынан 44 жана 42 жаштагы тургундары атчан Ат-Башы айылына барып, кайра айылга бири гана кайтып келген. Ал эми экинчи жаран дайынсыз болуп, айылга минген аты гана келгени белгилүү болду.

"13-февралда саат 22:25де издөө иш-чаралары жүрүп, ага куткаруучулар, милиция жана жергиликтүү тургундар болуп 50гө жакын киши тартылган", — деп айтылат маалыматта.

Кеч кирип кеткендиктен издөө иштери убактылуу токтолуп, бүгүн дагы улантылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0