Кара-Сууда тамакка ууланып 17 адам ооруканага түштү

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканага түшкөндөрдүн арасында балдар дагы бар, абалдары оор

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу аймактык ооруканасына тамакка ууланган 17 адам кайрылганын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 12-февралда ооруканага 7 адам, 13-февралда 10 адам түшкөн.

"Бүгүнкү күндө үч чоң адамдын абалы оор болгондуктан реанимация бөлүмүндө жатышат. Дагы үчөөнүн абалы орточо деп бааланса, төрт адам өзүн жакшы сезип калды. Ал эми беш баланын абалы өтө оор. Экөө реанимацияда жатса, үчөө Ош облустук балдар инфекциялык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө которулду. Дагы эки баланын абалы орто деп бааланууда", — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткандардын бардыгы колго жасалган консерваларды, өрүк ширесин, приправа, базардан алынган манты жана М.К. аттуу тууганы жасаган ашты жешкен.

Санитардык дарыгерлер аш баскан жарандын үйүндөгү колго даярдалган консерваларды текшерүү үчүн алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0