Тогуз-Тородо мал издеп кеткен эки адам 8 күндөн бери дайынсыз болууда

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүСело Кидыш в Челябинской области
Село Кидыш в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ӨКМ куткаруучулары жоголгондорду ат менен издөөдө

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Кабак кыштоосунда жоголуп кеткен эки адам изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 6-февраль күнү Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Бирдик айылынын үч тургуну Кабак кыштоосуна мал издегени атчан чыгып кетишкен.

"12-февраль күнү кечинде үчөөнүн бири Бирдик айылына келип жанындагы эки адам адашып жоголгондугу тууралуу кабар берген. Аларды издөөгө 12-февралда 10 адам, 14-февраль күнү 15 адам тартылган. Бирок жыйынтык болгон эмес", — деп жазылат маалыматта.

Учурда ӨКМ куткаруучулары жоголгондорду ат менен издөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0