Жалал-Абаддагы дарыядан кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүРегионы России. Республика Алтай, Алтайский край
Регионы России. Республика Алтай, Алтайский край - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери азиат тегиндеги, 20-25 жаштагы кишинин сөөгүн суудан алып чыгып, райондук өлүкканага өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Селсаяк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дем алыш күнү Ош шаары менен Сокулукта эки адамдын сөөгү табылды
Кара-Үңкүр дарыясынын сөөк табылган жери Могол айыл аймагындагы Көк-Тоңду айылына жакын жайгашкан. Куткаруучулар барганга чейин милиция кызматкерлери 20-25 жаштагы азиат тегиндеги кишинин сөөгүн суудан алып чыгып, райондук өлүкканага өткөрүп беришкен.

Буга чейин Кара-Көл шаарынын аймагына жакын жердеги Кара-Суу дарыясына түшүп кетип, улгайган аял каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0