Тогуз-Тородо мал издеп чыгып жоголгон эки кишини сөөгү табылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБыт в деревне Военно-Антоновка
Быт в деревне Военно-Антоновка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерине 40ка жакын киши тартылган

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кабак кыштоосуна мал издегени чыгып жоголуп кеткен эки кишинин сөөгү кар алдынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Регионы России. Республика Алтай, Алтайский край - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы дарыядан кишинин сөөгү табылды
Ага ылайык, 2018-жылдын 6-февралында Бирдик айылынын үч тургуну (1983-жылы туулган К.Чоялиев, 1976-жылы туулган С.Чоялиев жана 1989-жылы туулган С.Өмүралиев) Кабак кыштоосуна мал издегени ат менен чыгышкан. Чоялиев 12-февраль күнү кечинде айылга келип эки шеригинин адашып кеткенин кабарлаган.

Издөө иштерине 40ка жакын киши тартылып, 15-февраль күнү саат 08:25те жоголгондордун сөөгү кар астынан табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0