Бишкекте сөөгү табылган келиндин ким экени билинбей жатат. Сүрөт

Жазылуу
Аялдын сөөгү 14-февраль күнү табылган

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Шаардык милиция сөөгү Бишкекте табылган 30-35 жаштагы азиат тегиндеги аялдын ким экенин аныктоого жардам берүүнү өтүнөт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБуюмдарынын сүрөтү
Вещи, которые были на погибшей - Sputnik Кыргызстан
Буюмдарынын сүрөтү

Белгилери:

Бою — 169 сантиметр, арык чырай, чачтары карага боелгон, оң колунун чыканагынан ылдыйыраак жеринде диаметри 5 миллиметрге жеткен меңи бар. Үстүнө көк түстөгү кыска көйнөк, тизеден келген кара пальто, бутунда кара түстөгү замша өтүк кийип жүргөн. Мындан тышкары, көк таштары менен сөйкөсү, кулону менен моюнга салган чынжыры жана "Love" деген жазуучу бар шакеги болгон.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБуюмдарынын сүрөтү
Вещи, которые были на погибшей - Sputnik Кыргызстан
Буюмдарынын сүрөтү

Милиция бул аял жөнүндө кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды маркумдун ким экенин аныктоого жардам берүүсүн суранат. Анүчүн 0552102143, 0702616496, 0553102821 номерлерине же 102 кызматына кайрылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0