Жээнбеков учак кырсыгына байланыштуу Ирандын президентине көңүл айтты

Жазылуу
Иранда жекшемби күнү учак кулап 66 адам набыт болгон

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ирандын президенти Хасан Роуханиге Исфахан провинциясындагы учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Исфахан провинциясында жүргүнчү ташыган учактын кыйрап, көптөгөн адамдар набыт болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну сизден өтүнөм", — деп президенттин көңүл айтуу телеграммасында жазылган.

Эскерте кетсек, Aseman Airlines авиакомпаниясынын ATR 72 учагы Тегерандан Ясудж шаарына учуп келе жаткан. Ал жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат сегизде учуп, 50 мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен. Катаал аба ырайына байланыштуу учак Дена кырка тоосун сүзгөн. 

Бортто 66 адам бараткан, алардын 60ы жүргүнчү, дагы бири ымыркай. Алтоо экипаждын мүчөлөрү. Бардыгы каза болгону айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0