Өзү төрөп, баласын катып койгон малчы келин. Окуянын чоо-жайы

© AFP / MUJAHID SAFODIEN Брошенная кукла во дворе в поселке Симунье, ЮАР
Брошенная кукла во дворе в поселке Симунье, ЮАР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келин оор абалда Чүй облустук ооруканада жатат

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Чүй облусундагы аймактык ооруканага 18-февралда ажатканада төрөгөн аял кайрылды. Ымыркай чуңкурга түшүп кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин Аламүдүн районунун Восток айылындагы мал фермада иштеген аял төрөп, баласын баштыкка салып, дивандын алдына катып койгону маалым болгон.

Милициянын айтымында, келин ажатканага барганда толгоосу келип төрөп койгонун билдирген.

"Тергөө тобу ооруканага кайрылган аял менен биргеликте окуя болгон жерге барган. Укук коргоочулар аял жашаган үйдүн ичинен желим пакетке оролгон жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгүн табышкан", — дешти укук коргоо органдарынан.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ымыркайдын энеси Чүй облустук ооруканасында оор абалда жатат.

Ошондой эле эне фермага өткөн жылдын күз айларында ишке орношкону маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0