Кара-Сууда бир жума мурда ууланып ооруканага түшкөн балдардын бири каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековГородская клиническая больница № 4
Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17 киши жетөө кичинекей балдар экени айтылган

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында тамактан ууланып Оштогу облустар аралык ооруканада дарыланып жаткан жети баланын бири 17-февралда каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн эң көп дарт чалган аймактары. Рейтинг
Белгилей кетсек, Ош облусунун Кара-Суу аймактык ооруканасына 12-февралда тамакка ууланган 7 адам, 13-февралда 10 адам түшкөн. Алардын 10у чоң киши, жетөө кичинекей балдар болчу.

19-февралга карата 13 киши стационардык негизде дарыланып жатса, 8 чоң киши Кара-Суудагы аймактык ооруканада. Экөө кайра жандандыруу бөлүмүндө, калган алтоонун абалы туруктуу.

"Төрт бала Ош шаардык балдар ооруканасында дарыланууда. Абалы орто, бирок туруктуу. Бир бала оор абалда Оштогу облустар аралык балдар ооруканасына жаткырылган", — деп айтылат маалыматта.

Бардык бейтаптарга керектүү жардам берилүүдө. Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгы жакын арада чыгат.

Буга чейин кайсы убактарда ойлонбостон тез жардам чакыруу керектигин тизмектегенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0