Ош: кошуналардын чакыруусу менен барган куткаруучулар үйдөн кишинин сөөгүн тапты

Жазылуу
Маркумдун кошуналары анын эшикке чыкпай калгандыгын айтып, милицияга кайрылган.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Куткаруучулар 19-февралда Ош шаарындагы батирлердин биринин эшигин ачып кирип, ичинен эркек кишинин сөөгүн тапкан. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Маркумдун кошуналары анын эшикке чыкпай калгандыгын айтып, милицияга кайрылган. Эшикти ачып берүү үчүн барган ӨКМдин куткаруучулары "Анар" кичирайонундагы батирдин ичинен 61 жаштагы кишинин сөөгүн тапкан", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта маркумду куткаруучулар алар менен кошо келген шаардык милициянын кызматкерлерине өткөрүп бергендиги айтылат.

Бишкек шаардык милиция сөөгү борбор калаада табылган 30-35 жаштагы азиат тегиндеги аялдын ким экендигин аныктоого жардам берүүнү өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0