Маршрутка иштеткен жеке компаниялардын мойнунда канча адамдын өлүмү бар

© Sputnik / Элебесов МаксатМаршуттук унаалар. Архив
Маршуттук унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы Бишкекте коомдук транспорт катышкан 626 жол кырсыгы катталса, анын 430 учуруна айдоочулар күнөөлүү экени аныкталган.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында эл ташыган маршруткаларды иштеткен жеке компаниялардын кайсынысынын мойнунда жол кырсыкгы арбын экенин тастыктаган маалымат жок. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматынан билдиришти.

"ЖКККББ жол кырсыктары боюнча эсеп жүргүзөт. Ал эми кырсыкка кабылган унаа кайсы компанияга тиешелүү экени тууралуу маалымат чогултулбайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Жоопту Бишкек мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнөн дагы таба алган жокпуз.

Диванда отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка сүзгөн келиндин жолдошу: "алдамчысың" деп коркутуп чалгандар көбөйдү
Статистикага караганда 2017-жылы Бишкекте коомдук транспорттордун катышуусу менен 626 жол кырсыгы катталса, анын 430 учуруна айдоочулар күнөөлүү болгон. Ошондо 63 өлүмдүн 47си коомдук транспорттун айдоочусунун мойнунда. Ал эми ар кандай жаракаттарды алган 1164 адамдын 626сы айдоочунун айынан жабыр тарткан.

Эскерте кетсек, 9-февраль күнү Бишкекте кызын көтөрүп бара жаткан келинди бус сүзүп кеткен. Жаш эне эсине келбей жан берсе, дарыгерлер ооруканага жеткирилген эки жашар наристенин бутун кесүүгө аргасыз болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0