Жалал-Абад облусундагы кафеде газ баллон жарылды. Төрт адам күйүк алды

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүПожар у Ладожского вокзала в Санкт-Петербурге
Пожар у Ладожского вокзала в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү саат 4.30дар чамасында болгон жарылуудан жабыр тарткан төрт адам ооруканага жеткирилген

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кочкор-Ата шаарындагы "Азия" кафесинин нан бышыруучу бөлмөсүнөн газ баллон жарылып, төрт адам жабыр тартты. Бул тууралуу Жалал-Абал ОИИБинин маалымат кызматына шилтеме берип Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

20-февраль күнү саат 4.30дар чамасында болгон жарылуудан жабыр тарткан төрт адам ооруканага жеткирилген.

"Алардын үчөө Өзбекстандын Наманган шаарынын, бирөө Токтогул районунун тургуну экен. Өзбекстандыктар ошол эле кафеде иштеп, Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн биринде мыйзамдуу каттоодо турган. Ал эми кыргыз жараны Токтогулдан Кочкор-Ата базарына балык алып келгени аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсыктын себептерин аныктоо максатында атайын экспертизалар дайындалып, Ноокен РИИБинин ыкчам тергөө тобу иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0