Мындай болбойт! Былтыр Бишкекте коомдук транспорттун айынан 47 киши көз жумган

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЖол кырсыгынын кесепети. Архив
Жол кырсыгынын кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы коомдук транспорт катышкан 626 жол кырсыгы катталса, анын 430у ошол коомдук транспорттун айдоочуларынын айынан болгон.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, былтыр Бишкек шаарында коомдук транспорт катышкан 626 жол кырсыгы катталып, 63 кишинин өмүрү кыйылган, дагы 1164 киши түрдүү жаракаттарды алган.

"Коомдук транспорттун айдоочулары жалпы катталган жол кырсыктын 430уна себепкер болуп, андан 47 киши көз жуумп, 684 киши жаракат алган", — деп милициядан билдиришти.

Жүргүнчү ташыган бул же тигил компаниянын айдоочулары жол кырсыгына көп кабылды деген так маалымат милицияда, мэрияда, Транспорт жана жолдор министрлигинде дагы жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0