Бишкекте өгөй ата жеткинчекти зордуктоого аракет кылган делип кармалды

Жазылуу
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкекте 29 жаштагы эркек киши өгөй баласын зордуктоого аракет жасаган делип кармалганын шаардык милициядан билдиришти.

Колунда илгич кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
Маалыматка караганда, 15-февралга караган түнү Ленин райондук ИИБге өгөй ата 7 жаштагы баласын зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу Бишкек шаарынын тургунунан арыз түшкөн. Натыйжада кылмышка шектелип жеткинчектин 29 жаштагы өгөй атасы колго түшүрүлгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык маанайдагы аракеттерди жасоо) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0