Кара-Сууда тамакка ууланган балдардын экинчиси каза болду

Жазылуу
Кара-Суу аймактык ооруканасына 12 жана 13-февралда жалпысынан 17 киши келип түшкөн

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасында тамактан ууланып жаткан эки жаштагы бала 21-февралда чарчап калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Кара-Суу аймактык ооруканасына 12-февралда тамакка ууланган 7 адам, 13-февралда 10 адам түшкөн. Алардын 10у чоң киши, жетөө кичинекей балдар болчу.

"Көрүлгөн бардык чараларга карабастан бала көз жумду", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Ош шаардык балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө үч бала бар, алардын абалы орто. Кара-Суу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө беш киши жатат. Бирөө кайра жандандыруу бөлүмүндө болсо, төртөө жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0