Бишкек: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген жаран 3,7 кг. нашаа менен кармалды

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаЗадержание члена ОПГ с наркотиками в Бишкеке
Задержание члена ОПГ с наркотиками в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Октябрь райондук милициясы 22-февралда 3,7 киллограмм наша алып бараткан эркек киши кармады. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан кабарлашты.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) негизинде кылмыш иши козголгон. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБорбор калаанын Октябрь райондук милициясы 22-февралда 3,7 киллограм наша алып бараткан эркек киши кармалды
Задержание члена ОПГ с наркотиками в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаанын Октябрь райондук милициясы 22-февралда 3,7 киллограм наша алып бараткан эркек киши кармалды

"42 жаштагы кишинин унаасынан арткы отургучундагы сары түстөгү баштыкка салынган үч литрлик эки банкадан шектүү зат табылган. Ал экспертизага жөнөтүлүп, нашаа экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициядан анын буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгын жана тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.

Буга чейин ИИМдин пенсионери сегиз килограмм нашаа менен кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0