Өрт чыккан эс алуучу жайдын кызматкери иске ууланган

Жазылуу
Куткаруучулар жабыркаган кишиге ошол жерден жардам көрсөттү

БИШКЕК, 24-фев — Sputnik. Борбор калаадагы Чыңгыз Айтматов атындагы проспектиде жайгашкан эс алуу борборундагы өрттөн анын бир кызматкери жабыркады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Ретро-метро" клубунун жанындагы эс алуу жайында чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө саат 21:27де түшкөн.

Бишкектин Түгөлбай-Ата жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Өрттөн качып 5-кабаттан секирип кеткен өспүрүм ооруканада көз жумду
Жалынды өчүрүү үчүн беш бригада чакырылып, тилсиз жоо 22:57де чектелген. Жалын беш саатка жакын убакытта өчүрүлгөн. Кырсыктын эмнеден чыккандыгы азырынча белгисиз.

Кызматкерлердин бири окуя болгон жерден иске ууланып, чакыруу менен барган куткаруучулар ага дарыгерлер келгенге чейинки жардам көрсөткөн. Учурда ал кишинин абалы азыр канааттандырарлык экендигин айтышты.

Тилсиз жоо 1 037 чарчы метр чатырды жалмап кеткен. Кырсыктын эмнеден келип чыккандыгы учурда такталууда.

Жакында эле Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Тельман айылында фура чиркегичи менен өрттөнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0