Ошто жөө жүргүнчүнүн өмүрүнө забын болуп из жашырган айдоочу изделүүдө

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында болгон.

ОШ, 25-фев. — Sputnik. Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунда 21-февралга караган түнү саат 23:30 чамасында жөө жүргүнчүнү сүзүп, изин жашырып качып кеткен айдоочуну табууга жарандардан жардам сурайт. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында болгон.

"Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Ал эми жабыркаган адамды жергиликтүү жашоочулар Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Бирок алган жараатынан улам көпкө узабай каза болгон. Маркумдун өздүгү такталып, ал Алай районунун Кабылан-Көл айылынын 39 жаштагы тургуну экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан айдоочуга издөө жарыяланды. Милиция окуяга күбө болгон жарандардан жардам сурап, төмөнкү номурлар арылуу байланышка чыгууну өтүнөт: (0550) 27 00 28, (03222) 2 30 87.

Жаңылыктар түрмөгү
0