Казакстандагы КР жарандары кабылган жол кырсыгы: айдоочу каза болду

© Sputnik / Александр Полегенько / Медиабанкка өтүүКардиологическое отделение РКБ им. Семашко в Симферополе
Кардиологическое отделение РКБ им. Семашко в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Алматы — Бишкек трассасында кыргызстандык жарандар бараткан минивэн автобус менен кагышкан. Анын кесепетинен айдоочуну кошкондо үч адам каза болду.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Алматы — Бишкек жолунда минивэн айдап баратып кырсыктаган кыргызстандык айдоочу ооруканадан көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө адамды сүзүп өлтүрүп алып качып кеткен айдоочу кармалды
Жол кырсыгы 26-февраль күнү эртең менен Алматы облусундагы Таргай айылынын аймагында болгон.

Кыргызстандыктар түшкөн унаа Бишкекке келе жатып автобус менен кагышкан. Айдоочудан сырткары, машинада дагы алты адам болгон. Кырсыктын кесепетинен эки аял мерт болуп, калгандары түрдүү жаракаттарды алышкан. Рулду башкарып бара жаткан 38 жаштагы П.Ж. аттуу айдоочу оор жаракат алып, ооруканага түшкөн.

"Айдоочу кечээ саат 23.30да каза болду. Бүгүн биздин консул моргго жөнөп кетти. Тийиштүү документтер топтолгондон кийин маркумдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт", — деп ТИМден маалымдашты.

Буга чейин дипломаттар жүк-200дү каттап, эки аялдын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0