Куткаруучулар Бишкектеги кудуктардын биринен эркек кишинин сөөгүн тапты

Жазылуу
Окуя "Чыгыш-5 кичи" районунда болуп, сөөк милицияга өткөрүп берилген

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы көк кабаттуу үйлөрдүн жанындагы кудуктан 40-45 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Куткаруучулар "Чыгыш-5" кичи районундагы кудуктан азиат тегиндеги 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин да Араван районунун Төбө-Коргон айыл аймагына караган Уйгур-Абад айылында төрт жаштагы бала кудукка түшүп кетип чарчап калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0