Өзгөндө мушташтан улам мурдагы имам жаракат алды

Жазылуу
Айыл тургундарынын бири битир-садагадан чогулган каражатты мурдагы имам өзүнө ыйгарып алганы тууралуу кептер тарап жатканын билдирген

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өзгөн районуна караштуу Красный Маяк айылындагы мечитте чыр чыгып мурдагы имам жаракат алды. Бул тууралуу Ош ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Базар-Коргондо күйөө бала кайын-журтун бычактаганда... Бир адам көз жумду
Окуя кечээ, 27-февралда болгон. Алдын ала маалыматттарга караганда, мечиттин имамы пайдаланылган электр жарыгы үчүн төлөмдү төлөө үчүн жардам керек экенин билдирген. Ошол жерден айыл тургундарынын бири битир-садагадан чогулган каражат кайда жумшалганын сурап, мурдагы имам акчаны өзүнө ыйгарып алганы тууралуу сөздөр тарап жатканын балп эткен.

Мындан улам мурдагы имам менен 44 жаштагы кишинин ортосунда чуу чыгып, жаңжал бычакташууга чейин жеткен. Мурдагы имамдын колу тилинип биринчи жардам көрсөтүлгөн. Ал эми бычак шилтеген киши кармалып, мурда сот жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0