Бишкектен Баткенге сапар алган учак орто жолдон кайтып келди

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация "Боинг 737-800" с надписью Bubusara ("Бубусара") на носовой части лайнера
Презентация Боинг 737-800 с надписью Bubusara (Бубусара) на носовой части лайнера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирүүнү тастыктап, учак Tez Jet компаниясына тиешелүү экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек — Баткен каттамындагы учак авариялык абалга байланыштуу орто жолдон кайра "Манас" аба бекетине конду. Бул тууралуу аталган каттамдын жүргүнчүлөрү Facebook баракчасы аркылуу билдиришкен.

"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирүүнү тастыктап, учак Tez Jet компаниясына тиешелүү экенин белгиледи.

"107-каттам орто жолдон Бишкекке кайтып келип, жүргүнчүлөрдүн бардыгы учактан түшүрүлдү. Себептерин компания өкүлдөрү айтып берет", — деди Курбанова.

Канча учак менен каякка бара алабыз? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан учакка отуруп кайсы шаарларга түз жетсе болот
Ал эми Tez Jet компаниясы азырынча маалыматты өздөрү тактап жаткандыктан эч кандай комментарий бере албай тургандыгын айтты. Ошондой эле учурда "Манас" аэропортунда атайын комиссия түзүлгөнүн кошумчалады.

Былтыркы жылдын апрель айында да аталган авиакомпаниянын Бишкек — Ош каттамындагы учагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кайра "Манас" аба бекетине конууга аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0