Казакстандагы КР жараны эмнеге оозун тиккени белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековИсправительная колония № 19 для пожизненно лишенных свободы
Исправительная колония № 19 для пожизненно лишенных свободы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жыл мурда соттолгон жаран 15,5 жылга эркинен ажыратылган

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Тараздагы түзөтүү колониясында оозун тиккен Кыргызстандын жараны баңгизаттарды таратканы үчүн соттолгонун Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Ал 15 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

"Соттолгон адам түзөтүү жайынан өзүнө-өзү жеңил жаракат келтирген. Аны мекеменин медициналык бөлүмүнөн чыгаруу буйругу кабыл алынганда ага макул болбой ушундай кадамга барган. Ал жакта соттолгон жаран кышы бою кармалып, ден соолукту жалпы чыңдоочу терапиядан өткөн. Жогорудагы факты маалымат китепчесине жазылып, Тараз шаардык ИИБдин ыкчам-тергөө тобу чакырылган", — деп айтылат маалыматта.

Бирок кесилген жаран колониянын жетекчилери улуттук өзгөчөлүгүнөн улам аны басмырлап жатканын айткан. Кыргызстандын акыйкатчысынын сайтындагы маалымат боюнча аты аталган жаран III топтогу майып.

Сотрудники ГСИН следственного изолятора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Офицерлер абак кызматкерлеринин психологиясы боюнча тренингден өтүштү
"Казакстандын башкы прокуратурасынын терс жооп келди. Соттолгон жаран майып экени анык, бирок ал Казакстанда майып катары каттоого алынган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Учурда 37 жаштагы жарандын саламаттыгы канааттандырарлык.

Коңшу мамлекеттин ИИМинин кылмыш-аткаруу системасынын комитети былтыр жыл башында Тентемишевди мекенине которуу маселесин карап көрүү боюнча Казакстандын башкы прокуратурасы Кыргызстанга документтерди жибергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0