Токмоктогу жол кырсык: каза болгон келин Замир Арыкбаевдин бир тууганы болуп чыкты

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүМассововая авария на автодороге между Пушкиным и Шушарами под Санкт-Петербургом
Массововая авария на автодороге между Пушкиным и Шушарами под Санкт-Петербургом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келин болгону 41 жашта болчу, артында төрт кызы калды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кечээ, Токмок шаарына жакын жерде болгон жол кырсыгынан каза болгон келин ырчы Замир Арыкбаевдин бир тууган эжеси болуп чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аткаруучунун тууганы кабарлады.

Айланма жолдогу кырсыктан бир адам көз жумду. Үрөй учурган видео - Sputnik Кыргызстан
Айланма жолдогу кырсыктан бир адам көз жумду. Үрөй учурган видео
Эске салсак, 3-март күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 56-чакырымында Honda Stepwgn менен Toyota Altezza үлгүсүндөгү унаалар кагышып төрт адам көз жумган.

Андан соң каза болгон адамдар бир үй-бүлө мүчөлөрү экени айтылып, 60 жаштагы чоң ата, чоң апасы, келини жана 3 жаштагы небереси болуп Бишкектен Каракол шаарына үйлөнүү тойго бара жатышкандыгы маалым болгон.

Анын айтымында, келиндин артында төрт кызы калды.

"Ырчы Замир Арыкбаевдин эжеси Айнура Арыкбаева 41 жашта болчу. Ат-Башыга келин болуп барганына 11 жылдай болуп калган, бирок Бишкекте эле турушчу. Кыздарынын улуусу 4-класс болсо кичүүсү 3 жашка чыга элек", — деди келиндин тууганы.

Ал ошондой эле кырсыкта каза болгон кичинекей наристе келиндин кызы эмес, кайын сиңдиси экенин да кошумчалады.

Замир Арыкбаев эл оозуна "Кудача кыз" аттуу ыры менен алынган ырчы. Ошондой эле "Даткайым", "Кыздар ай", "Арноо" аттуу чыгармалары менен көпчүлүккө белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0