УКМК: киши уурдап, анын башы үчүн акча талап кылган топ колго түштү

CC BY 2.0 / Gabriel Flores Romero / UniónСлучаи похищения людей
Случаи похищения людей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Акча талап кылуу максатында Кыргызстандын жаранын уурдап кеткен кылмыштуу топ колго түшкөнүн УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кармалгандар 100 миң доллар талап кылуу максатын көздөгөн.

"Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 30 миң доллар алып жаткан жеринен кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү колго түштү. Ошондой эле киши уурдоону буюрган жана уюштургандар дагы кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оор кылмышы үчүн издөөдө жүргөн чет элдик жаран Бишкектен колго түштү
Ырасталган маалымат боюнча ишкердин мурдагы бизнес өнөктөшү аны уурдоону буюрган. Ал эми бул кылмышты уюштурган жаран буга чейин да соттолуп, кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо экени аныкталды.

КР Башкы прокуратурасы 28-февралда Кылмыш жаза кодексинин "адам уурдоо" жана "опузалап акча талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0