УКМК: бажычы менен салыкчылардын катышы бар ири коррупциялык схема аныкталды

Жазылуу
Учурда салык жана бажы органдарынын имараттарында кеңири масштабдагы ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бажы жана Салык кызматынын өкүлдөрү катышкан ири коррупциялык схема аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

УКМКнын маалыматы боюнча айрым юридикалык тараптар Кытайдан келген товарлар боюнча салык органдарына кошумча нарк салыгы жөнүндө жалган маалыматтарды берип турушкан. Иш жүзүндө кошумча нарк салыгы ашыкча төлөндү деген товарлар бажы алымдары жана салыктар толук түрдө төлөнгөн ири соода-базар комплекстеринин ишкерлерине таандык болгон.

Электр станцияларынын мурдагы жетекчиси Бердибек Боркоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Электр станцияларынын" мурдагы жетекчиси эки айга камакка алынды
"Бирок коррупциялык схема боюнча салык жана башка көзөмөлдөө органдардын — Салык жана Бажы кызматтарынын, Экономика министрлигинин өкүлдөрү менен келген товарлар компаниянын кызмат адамдары менен аффилирленген жактарга толтурулуп турган. Өз отчетторунда импорт товарларга төлөнгөн салыктарды өзүнүн төлөмү катары көрсөтүп, кийин мамлекеттик бюджеттен салык үчүн төлөнгөн акчаны кайтарып алып турган", — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча эки жылда мамлекетке келтирилген чыгым 217 миллион сомду түзгөн.

Учурда салык жана бажы органдарынын имараттарында кеңири масштабдагы ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0