ЖМК: АКШда жүргүнчү кызга асылды деп КР жараны кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНасилие над женщинами в Кыргызстане
Насилие над женщинами в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полициянын билдиришинче, кызга кол салган жаран аны бир сааттай машинасында кармап, жыныстык катнаш талап кылган.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. АКШнын Чикаго шаарында таксист болуп иштеген Кыргызстандын жараны жүргүнчүгө асылган деген шек менен кармалганын Chicagotribune сайты жазып чыкты.

Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
АКШда кармалган Теңгиз Сыдыков деген ким?
Маалыматка ылайык, окуя жекшемби күнү Түндүк Ривер аймагында болгон. Таксист жүргүнчүнүн мастыгынан пайдаланып, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого аракет кылган. Кармалган жаран кызды машинасында бир сааттай кармаганы айтылууда.

Шектүү катары 27 жаштагы Мурасбек Элчиев кармалды. Полиция КР жаранын кыздын машинага түшүп калган телефону аркылуу тапкан. Элчиев адам уурдоо жана сексуалдык кордук көрсөттү деп айыпталууда. Ал Чикагонун чет жагында жашары аныкталды.

Буга чейин да АКШда курал-жарак аткезчилигине шектелип, кыргызстандык Теңгиз Сыдыков аттуу жаран кармалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0