Ош шаары. Архивдик сүрөт

Оштогу китепканага өз өлүмү тууралуу жазган студент табылды. Чоо-жайы

3396
(жаңыланган 12:15 10.03.2018)
Милиция кыздын жанын кыям деген ойго эмне түрткү болгонун алдын ала айтты

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Оштогу Токтогул Сатылганов атындагы китепкананын дубалына өз жанын кыюу туурасында жазган кыз табылды деп шаардык милициядан билдирди.

Буга чейин аталган китепкананын дубалына ушул маанайдагы сөздөр жазылгандыгы тууралуу айтылган. Укук коргоо органдары бул жазуулар шаардагы жогорку окуу жайлардын биринин студентине таандык экендигин таап чыкты.

Кыз менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, психологго алып барышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз финансылык кыйынчылыктан улам жанын кыюу тууралуу ойго жетеленген.

Буга чейин Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева айрым мугалимдердин оройлугу окуучулардын өз жанын кыюуга, мектепке барбай коюусуна себеп болуп жатканын айткан эле.

3396
Белгилер:
студент, кыз-келиндер, өлүм, Сулайман тоо, Ош
Тема боюнча
Бишкектеги маршруткадан кыздарга асылгандар. Жүргүнчү кыздын баяны
Өгөй кызын зордуктоого аракет кылган эркек. Окуянын чоо-жайы