Измирде 5-кабаттан кулаган кыз унаанын үстүнө түшкөн. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүПоджог травы на городских пустырях
Поджог травы на городских пустырях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт маалында коңшу имаратка өтүүгө аракет кылган кыздардын бири кыргызстандык болуп чыкты. 5-кабаттан кулаган кыз унаанын үстүнө түшкөн.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарындагы өрт чыккан мейманкананын 5-кабатынан кулаган кыргызстандык кыздын омурткасына операция жасалганын Anadolu агенттиги билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык 8-март күнү "Алижан" деп аталган мейманканада болгон. Өрт чыккан маалда кыргызстандык кыз балкон аркылуу коңшу имаратка өтүүгө аракет кылган. Бирок колу тайып, 5-кабаттан кулап унаанын үстүнө түшкөн.

"Жабырлануучунун омурткасы сынган. Тепежик илим-изилдөө госпиталынан операция ийгиликтүү аяктаганын белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Өрттөн дагы бир чет элдик кыздын жабыркаганы айтылууда. Анын жарандыгы тактала элек. Yeni Asir басылмасынын жазганына караганда жапа чеккен эки кыздын тең Түркияда иштөөгө уруксаты болгон эмес.  Эгер полиция алардын аталган мейманканада иштегенин аныктаса, кыздар депортацияланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0