УКМК: колго жасалган бомба менен жардыруу пландаган КР жараны кармалды

© AFP / NOEL CELISКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жаран террорчулуктун алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгында колго түшкөн

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Эл аралык террордук уюмдардын башчыларынын тапшырмасынын негизинде колго жасалган жардыруу түзүмдөрү менен теракт жасоону пландаган КР жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Ага ылайык, аталган жаран террорчулуктун алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгында колго түшкөн.

Случаи разбойных нападений в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте каракчылык менен жан баккан топ кармалды
Учурда ага КР Кылмыш жаза кодексинин теракты даярдоо, КР жараны чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү, экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, жайылтуу, сактоо, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террордук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайлап колдонуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган киши УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилип, иликтөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0