Түптө жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тергөө иштери жүрүүдө

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Түп районунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү 8-мартта саат 19.35 чамасында 55 жаштагы тургунду сүзүп качып кеткен айдоочуну кармады.

Ага ылайык, жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болгон. Жол кырсыгы боюнча бардык материал райондук тергөө кызматына берилген.

"Ыкчам изөө иштеринин жыйынтыгында изи сууй электе "Нива-Тайга" унаасынын айдоочусу кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Ал Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну экени аныкталып, Түп райондук ИИБдын тергөө кызматына өткөрүп берилган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0