Жаза аткаруу кызматынын өкүлүнөн нашаа табылды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГашиш. Архив
Гашиш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын коргоо жана коштоо департаментинин аскери нашаа менен кармалганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 10-мартта кылмыш аткаруу системасын коррупциядан арылтуу аракеттеринин алкагында жогорудагы департаменттин Ы.Т. аттуу кызматкери кармалып, тинтүү учурунда жанынан 941 грамм нашаа табылган.

"Ошондой эле ага жардам берип жүргөн Р.Э. аттуу жаран колго түшүрүлүп, матералдар Ысык-Ата РИИБине өткөрүп берилген", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Буга чейин да ИИМдин пенсионери 8 килограмм баңгизаты менен кармалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0