Ала-Букада чек арачы ок жаңылып каза тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековИспытание среди бойцов спецназа "Скорпион" на получение "зеленого берета"
Испытание среди бойцов спецназа Скорпион на получение зеленого берета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара кызматынын катардагы жоокери кызматта турган учурунда келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан экинчи жоокерди абайсыздан атып алган.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы №2030 аскердик бөлүктө келишимдик негизде кызмат кылган чек арачы жоокер бүгүн ок жаңылып каза тапты. Бул туурасында Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн кабаралашты.

"Чек ара кызматынын катардагы жоокери кызматта турган учурунда келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан экинчи жоокерди абайсыздан атып алган. Ефрейтор ооруканага алып бараткан жолдо каза тапкан", — деп жазылган маалыматта.

Чек ара кызматынан бул кырсык боюнча тергөө иштери башталып, аскер прокуратурасынын кызматкерлери жеринде иштеп жаткандыгын кабарлашты.

Контрольно-пропускной пункт кыргызско-узбекской границы в Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" пунктунун өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт
"Каза болгон ефрейтор 21, ал эми атып алган жоокер 20 жашта экендиги маалым болду.  Катардагы жоокер кызмат өтөө мөөнөтүн аяктап үйүнө кайтарына саналуу күндөр калган", — деп билдиришти маалымат кызматынан. 

№ 2030 аскердик бөлүгү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан.

Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл пунктунан өтүү тууралуу коомчулукта сөз болуп, өкмөт өкүлдөрү ал жерге барып, элдин ары-бери өтүү мүмкүнчүлүгү жакшырарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0