Өзгөн шаарында кышкы салатка ууланган 14 кишинин үчөө оор абалда

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүМассовое отравление суррогатным алкоголем в Иркутске
Массовое отравление суррогатным алкоголем в Иркутске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрылгандардын төртөө балдар

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн шаарында 14 киши кышкы салатка ууланып ооруканага кайрылгангын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 14 кишинин төртөө балдар. Алар 11-мартта ууланып, 12-мартта ооруканага кайрылган.

"12-мартта тогуз киши кайрылса, эртеси дагы беш киши түшкөн. Үч жарандын абалы оор, бирөө кайра жандандыруу бөлүмүндө", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бейтаптарды сакайтуу боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Ооруканага кайрылгандардан анализдер алынып, лабораторияга жөнөтүлдү.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда да тамакка уулануу катталып, эки бала каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0