Апаңа айтам! Ошто кызды опузалап акча талап кылган жигит кармалды

Жазылуу
Шектүүгө карата Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси боюнча кылмыш иши козголду

ОШ, 13-мар. — Sputnik. Ошто кытай жигитине турмушка чыккан 21 жаштагы студент кызды "ата-энеңе айтам, сабакка келбей жүргөнүңдү кабарлайм" деп опузалап, 100 миң сом талап кылган киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү студент кыздан 30 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

"Студент кыздын 23 жаштагы Улан аттуу таанышы телефон аркылуу кат жазып, "сенин башка улуттагы адамга турмушка чыккандыгың жана окууга келбей жүргөнүң тууралуу ата-энеңе айтам" деп коркутуп 100 миң сом талап кылган", — деп милициядан билдиришти.

Күрөк көтөргөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өз атасын өлтүрө чапкан уул, Болот Шамшиевге кол салуу. 90-жылдардагы кылмыштар
Мындан сырткары, кыз тууралуу телефон аркылуу ар кимге ар кандай маалыматтарды тарата турганын айтып коркуткан. Жабырлануучунун арызынын негизинде шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул фактынын негизинде тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0