Нанды сурабай жегени үчүн таякталган. Акыйкатчы сабалган кыздан кабар алды

© AFP / KARIM SAHIBБеженцы в Ираке
Беженцы в Ираке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын атасы, өгөй апасы, бир уялаш иниси жана эки аталаш сиңдиси бар. Атасы курулушта иштейт, өгөй энеси үй кожейкеси.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери балдардын №3 ооруканасына катуу сабалып түшкөн 8 жашар кызга жолугуп келгенин аталган ведомстводон кабарлашты.

Кыз менен сүйлөшүү учурунда анын мектепке барбай турганы маалым болгон.

"Жеткинчектин денеси көгала, тытылган. Ким тарабынан сабалганын сураганда, ачка болуп үйдөн нанды сурабай жегени үчүн өгөй энеси таяктаганын айткан. Аламүдүн райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмү жабырланган кыздын атасы, өгөй апасы, бир уялаш иниси жана эки аталаш сиңдиси бар экенин аныктап чыккан. Атасы курулушта иштейт, өгөй энеси үй кожейкеси. Кыздын өз энеси эки жыл мурун жоголуп кеткен, учурда ал издөөдө", — деп айтылат маалыматта.

Аталган үй-бүлө Маевка айылына үч ай мурун көчүп келген. Маалыматта бул аймакта миграциянын агымы чоң болгондуктан үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө ушул сыяктуу үй-бүлөлөрдү каттоо жана көзөмөлгө алуу бир топ кыйынчылыкты жаратып жатканы белгиленет.

Колунда илгич кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
Учурда аталган факты боюнча Аламүдүн РИИБи тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (денеге атайылап залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле маселе ИИМдин жашы жете элек балдар инспекциясынын жана Билим берүү министрлигинин кызматкерлери тарабынан түзүлгөн балдар иши боюнча комиссиясында дагы каралат.

Акыйкатчы тарабынан ИИМге, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жашы жете элек балдар инспекциясынын жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук коркунучу астындагы балдарды учурунда аныктабаганы үчүн аймактык милициянын жоопкерчилигин кароо боюнча тийиштүү каттар да жөнөтүлдү.

Ошондой эле Акыйкатчы аппаратынын Балдарды, аялдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмү тарабынан үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылган балдардын укуктарын коргоо жана жөнгө салуу максатында нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар даярдалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0