Ош: 14 жаштагы окуучу кызды ала качып кеткен киши кармалды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваШкольное образование в городе Ош
Школьное образование в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кыздын кордолгон-кордолбогону териштирилип жатат

ОШ, 14-мар. — Sputnik. 13-март күнү эртең менен Ош шаарындагы мектептердин бирине сабагына бараткан 14 жаштагы окуучу кызды унаасына салып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, милицияга кыздын жакындары арыз менен кайрылган. Издөө иштеринин жүрүшүндө окуучу кыз калаадагы үйлөрдүн биринен табылды.

"Учурда кыздын зордукталган-зордукталбагандыгы боюнча атайын экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кызды өз үйүнө уурдап барган 27 жаштагы тургун кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголду. Окуучу кыз шаардагы мектептердин биринде 9-класста окуйт. Үйдөн кыздын кыйкырып жатканын уккан кошуналары милиция чакырышкан", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү киши өз көрсөтмөсүндө өспүрүмдү үйлөнүү максатында уурдап кеткендигин айткан. Бул маалымат милиция тарабынан текшерилип жатат.

Кармалган адам буга чейин үч жолу турмуш куруп ажырашкандыгы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0