Сузак: ис уруп ата-бала каза болсо, энеси менен уулу оор абалда жатат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүҮйдөн чыгып жаткан түтүн. Архив
Үйдөн чыгып жаткан түтүн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун жубайы менен бир уулу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө

ЖАЛАЛ-АБАД, 14-мар. — Sputnik. Сузак районунун Кайрагач айылындагы үй-бүлөнү көмүрдүн иси уруп, үй ээси менен уулу каза болду. Бул туурасында Сузак аймактык ооруканасынын дарыгерлери билдирди.

Ал эми жубайы менен бир уулунун абалы оор.

Бүгүн, 14-мартта эртең менен саат 7:15тер чамасында Кайрагач айылынан көмүрдүн иси урган үй-бүлөнүн төрт мүчөсү ооруканага жеткирилген. 28 жаштагы үй ээси менен 5 жаштагы уулу ооруканага келе жатканда каза болгон. Ал эми маркумдун 26 жаштагы жубайы менен үч жашар уулу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Жубайынын мээси шишип кетиптир, эне-бала эсине келе элек. Аларга "көмүр газына ууланган" деген диагноз коюлду. Үй ээси менен уулу ооруканага келгенче каза болуп калган экен", — деп билдиришти дарыгерлер.

Жабырлангандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Буга чейин да адам өмүрүн алган ушундай окуя болгон. 5-февралда Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында мештен чыккан иске ууланып үч киши каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0