Баткенге аткезчилик менен алып келинген 11 тоннадан ашык картошка алынды

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОптово-розничный рынок "Привоз" в Симферополе
Оптово-розничный рынок Привоз в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган товардын жалпы суммасы 198 450 сомду түзөт

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. "Баткен" бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташып келинген 10 тоннадан ашык картошка алынды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Бажычылар тарабынан Баткен обласундагы Кызыл-Жол айылында Volvo-FH12.420 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа токтотулуп, текшерилген.

Анын ичинен Тажикстанда өндүрүлгөн 11 025 килограмм картошка табылган.

"Кармалган товардын жалпы суммасы 198 450 сомду түзөт. Анын тийиштүү документтери болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Иш тийиштүү органдарга өткөрүлүп, келтирилген 70 437 сом өлчөмүндөгү зыян өндүрүп алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0