Баткенде чек ара сызыгынан ыргытылган 28 кап жезди тосуп алгандар кармалды

Жазылуу
Жүктү кыргызстандык беш киши тосуп алган

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Жер аймагында аткезчилик жол менен келген 400 килограмм жез жүктү аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Оптово-розничный рынок Привоз в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Баткенге аткезчилик менен алып келинген 11 тоннадан ашык картошка алынды
Маалыматка ылайык, окуя 17-март күнү болгон. Өзбекстандын аймагындагы белгисиз адамдар мамлекеттик чек ара сызыгынан Кыргызстандын аймагына 28 капка салынган металл ыргытышкан. Бул маалда жүктү кыргызстандык беш киши тосуп турган. Контрабандалык металлды алаары менен чек ара кызматкерлери аларды колго түшүргөн.

Кылмышкерлердин аракетине коңшу өлкөдөн товарларды мыйзамсыз өткөргөн дагы бир каналды аныктап чыккан Айдаркен чек ара бөлүгү көз салып турганы айтылды.

Административдик жоопкерчилик туурауу кодекстин 389-беренесине ылайык, кармалгандар айыпка жыгылып, жүк Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0