Кыргыз-өзбек чек арасынан 210 миң долларлык алтын зер буюмдар табылды

© AFP / SALAH HABIBIЮвелирные изделия
Ювелирные изделия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын күч түзүмдөрү чек арада атайын ири операция өткөрдү

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Өзбекстанда Кыргызстан менен чектешкен аймакта баасы 210 миң доллар болгон алтын зер буюмдар табылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматына таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, табылган буюмдун салмагы 8,83 килограммды түзөт.

"Эксперттердин корутундусуна ылайык, чет жакта жасалган зер буюмдарга алтын рыногунда талап чоң. Өлкөгө алып келинген товардын орточо баасы 210 миң долларды түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Зер буюмду мыйзамсыз алып келүүгө тиешеси барларды аныктоо аракеттери уланууда.

Кыргыз-өзбек чек арасында буга чейин бир нече жолу ушундай окуялар катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0