Жалал-Абадда кой айдап бараткан киши унаа алдында калып каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПо дороге на Тянь-Шань — как живется в высокогорном Нарыне
По дороге на Тянь-Шань — как живется в высокогорном Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерде маркумдун 14 кою менен бир жылкысы өлдү

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Базар-Коргон районундагы Сейдикум айылында Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу кой айдап бараткан кишини кагып кетип, жабырлануучу ооруканага бараткан жолдо каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Балык уулоого келген тургун өрттөнгөн унаасын өчүрөм деп чөктүрүп жиберди - Sputnik Кыргызстан
Балык уулоого келген тургун өрттөнгөн унаасын өчүрөм деп чөктүрүп жиберди
Анын айтымында, окуя 17-март күнү саат 21:00дө болгон.

Маалыматка ылайык, 200дөн ашуун койду айдап бараткан Базар-Коргон районунун Көк-Алма айылынын 39 жаштагы жашоочусу Cейдикум айылына жеткенде аны Чоң-Курулуш айылынын 61 жаштагы жашоочусу Daewoo Matiz унаасы менен койдуруп кеткен. Алган жараатынан улам мал ээси ооруканага жетпей, жолдо каза болгон. Окуя болгон жерде анын минип бараткан аты менен кошо 14 баш кою да өлгөн.

Окуя болгон учурда айдоочу соо экени аныкталды.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу катуу ылдамдыкта бараткандыктан улам унааны токтото албай калышы ыктымал. Бул факты боюнча райондук ички иштер бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда маркумдун жакындарынан милицияга айдоочунун үстүнөн арыз түшө элек", — деди Сатыбалдиев.

Ал ошондой эле учурда бул фактынын негизинде кылмыш иши козголо электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0