Бишкекте администратор менен кардардын чатагы ок атуу менен аяктады

Жазылуу
Кардар ок чыгарып, окуя болгон жерден качып кеткен.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкекте автоунаа жуучу жайлардын биринде ок атылганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 18-мартта саат 13:00дөр чамасында болгон.

"102 пультуна автоунаа жуучу жайлардын биринде администратор менен кардар чырдаша кетип, кардар ок чыгарып, окуя болгон жерден изин жашырган деген билдирүү келип түшкөн", — деп милициядан айтышты.

Окуя болгон жерге келген Бишкек ШИИБдин кызматкерлери изи сууй электе 35 жаштагы шектүүнү кармашкан. Тинтүү учурунда жанынан газ тапанча, нашаа жана баңгизатын чегүүгө ыңгайлашкан нерсе табылган.

Кылмыш иши козголуп, алынган далилдер экспертизага жөнөтүлүп, тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0