Бишкектен "Алланын көз жашы" деп аталган баңгизатын жүгүрткөндөр камалды

© Фото / пресс-служба МВД КРИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы Афганистан, Тажикстан жана Канаданын жарандарынан турган трансулуттук баңги тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү
ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы Афганистан, Тажикстан жана Канаданын жарандарынан турган трансулуттук баңги тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкерлер Афганистандан чыккан "Алланын көз жашы" аттуу суюк формадагы героинди жүгүртүү үчүн атайын каналды түзүшкөн

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы Афганистан, Тажикстан жана Канаданын жарандарынан турган трансулуттук баңги тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба МВД КРИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы Афганистан, Тажикстан жана Канаданын жарандарынан турган трансулуттук баңги тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү
ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы Афганистан, Тажикстан жана Канаданын жарандарынан турган трансулуттук баңги тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү - Sputnik Кыргызстан
1/3
ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы Афганистан, Тажикстан жана Канаданын жарандарынан турган трансулуттук баңги тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү
© Фото / пресс-служба МВД КРБилдирмеге караганда, аталган топ Афганистандан чыккан "Алланын көз жашы" аттуу суюк формадагы героинди жүгүртүү үчүн атайын канал түзүшкөн
Билдирмеге караганда, аталган топ Афганистандан чыккан Алланын көз жашы аттуу суюк формадагы героинди жүгүртүү үчүн атайын канал түзүшкөн - Sputnik Кыргызстан
2/3
Билдирмеге караганда, аталган топ Афганистандан чыккан "Алланын көз жашы" аттуу суюк формадагы героинди жүгүртүү үчүн атайын канал түзүшкөн
© Фото / пресс-служба МВД КРБаңгизат Афганистан (Желалабад шаары) — Тажикстан (Кожент шаары) — Кыргызстан (Бишкек шаары) маршруту аркылуу жүк ташуучу унаалар менен шире катары өткөрүлүп турган.
Баңгизат Афганистан (Желалабад шаары) — Тажикстан (Кожент шаары) — Кыргызстан (Бишкек шаары) маршруту аркылуу жүк ташуучу унаалар менен шире катары өткөрүлүп турган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Баңгизат Афганистан (Желалабад шаары) — Тажикстан (Кожент шаары) — Кыргызстан (Бишкек шаары) маршруту аркылуу жүк ташуучу унаалар менен шире катары өткөрүлүп турган.
1/3
ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы Афганистан, Тажикстан жана Канаданын жарандарынан турган трансулуттук баңги тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү
2/3
Билдирмеге караганда, аталган топ Афганистандан чыккан "Алланын көз жашы" аттуу суюк формадагы героинди жүгүртүү үчүн атайын канал түзүшкөн
3/3
Баңгизат Афганистан (Желалабад шаары) — Тажикстан (Кожент шаары) — Кыргызстан (Бишкек шаары) маршруту аркылуу жүк ташуучу унаалар менен шире катары өткөрүлүп турган.

Билдирмеге караганда, аталган топ Афганистандан чыккан "Алланын көз жашы" аттуу суюк формадагы героинди жүгүртүү үчүн атайын канал түзүшкөн. Баңгизат Афганистан (Желалабад шаары) — Тажикстан (Кожент шаары) — Кыргызстан (Бишкек шаары) маршруту аркылуу жүк ташуучу унаалар менен шире катары өткөрүлүп турган.

"Андан кийин "Кыргызстандан чыккан бал" катары атайын идиштерге куюлуп, аба жолу аркылуу Канаданын Торонто шаарына жеткирилип турган. 2018-жылдын 12-мартында оперативдик издөө иштеринин алкагында Афганистан менен Кыргызстандын жарандары кармалды. Алардын батиринен ширелердин эки литрлик сегиз желим бөтөлкөсү табылды. Алардын ичиндеги суюктуктун түбүнө күрөң түстөгү зат уюп калган. Таразага тартканда 17 килограмм 695 граммды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте Ички иштер министрлигинин мурдагы жана азыркы кызматкерлери 8 килограмм гашиш менен кармалды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ИИМдин пенсионери 8 кг баңгизаты менен кармалды. Сүрөт
Мындан тышкары, батирден "Кыргызстан балы" деген жазуусу бар желим бөтөлкөлөр жана аларды жабыштырууга ылайыкталган электр үтүктөрү табылган. ИИМдин криминалдык башкармалыгы чыгарган бүтүмгө караганда, алынган каражаттар баңгизаты болуп эсептелет.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүгү (баңгизатын мыйзамсыз түрдө сатуу, жүгүртүү, сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

"Алланын көз жашы" деп аталган баңги суюктугу бир нече жыл мурда Афганистанда пайда болгон. Кылмышкерлер героинди жашыруу үчүн ар кандай товарлардын түрлөрүн колдонушкан. Анын биринчи партиясы 2008-жылы Афганистандан кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0