ШИИБ "Ош" базарында эсинен танган кызды кордоп жаткан кишинин видеосун иликтөөдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на людей
Случаи нападения на людей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармактагылар аталган фактыны иликтөөнү талап кылышкан

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Милиция жолдо эс-учун билбей жаткан кызды зордуктап жаткан кишинин видеосун иликтеп жатканын Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

Өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өгөй кызын зордуктоого аракет кылган эркек. Окуянын чоо-жайы
Facebook социалдык тармагында "Ош" базарынын жанында тартылды делген видео тараган. Анда жолдо жаткан кызды кордоп жаткан эркек кишини көрүүгө болот. Кыздын эс-учун билбей жатканы айтылууда. Кадр артында унаа ичинен окуяны видеого тартып жаткан адамдардын күлкүсү угулат. Алардын аты-жөнү азырынча белгисиз.

Соцтармактын колдонуучулары аталган фактыны иликтөөнү талап кылышкан. Айрымдар кыздын селсаякка окшобой турганын, мындан улам эстен танышына эркектин тиешеси бар экенин болжолдошууда.

"Ленин райондук милициясы видео качан, кайсы жерде, ким тарабынан тартылганын иликтей баштады. Окуя былтыр болгон деген божомол бар, азырынча так аныктала элек", — деди Оморов.

ШИИБ кошумча маалымат берилерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0