Окуяны эстей албайм. Түркияда кыргызстандык кызды өлтүрдү делген киши кармалды

© AFP / INGO WAGNER / DPA Суд над Нильсом в Ольденбурге
Суд над Нильсом в Ольденбурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жандармериянын билдиришинче, шектүү жаран камераларга түшүп калган

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Түркиянын Денизли провинциясында киши колдуу болгон кыргызстандык 26 жаштагы кызды өлтүрдү делип 30 жаштагы тургун жандармерия тарабынан кармалганын Haberler.com басылмасы билдирди.

Эске салсак, КР Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Денизли провинциясында 19-мартта Памуккале — Аккөй трассасында саат 9:40тар чамасында 26 жаштагы кыргызстандык кыздын сөөгү табылганын билдирген. Айрым түрк ЖМКлары кыз муунтулуп өлтүрүлгөнүн жазган.

Укук коргоо органдары 30дай видео камераларды карап, кишилерди сураган.

"Кыргызстандык кызды өлтүрдү делген 30 жаштагы түрк жараны камераларга түшүп калган. Ал Каршыкая аймагындагы касапкана иштей турганы айтылды. Маркум кыз казинодогу кафелердин биринде официант болуп иштеген. Жумуштан эртең менен чыкканда бейтааныш киши артынан аңдып келип, машинага күч менен салган. Кызды кордогондон кийин муунтуп өлтүрүп, жолго таштап кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми шектүү жаран окуяны так билбей турганын, автоунаадан түшүп калган кыздын үстүнөн машинасы менен өтүп кеткенин гана билерин айткан. Учурда ал камакта.

Жаңылыктар түрмөгү
0