Ош: чет өлкөлүктөргө паспорт жасоого шектелип кармалгандарга иш козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековПаспорт жана акча каражаттарын кармаган адам. Архив
Паспорт жана акча каражаттарын кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул фактынын негизинде тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

ОШ, 21-мар. — Sputnik. Ошто Кытай жарандарына жалган маалыматтардын негизинде паспорт жасап берүүгө шектелип кармалгандарга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда облустук милициянын тергөө бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Автодорога Иркутск — Чита - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга автоунаа алып кирүүдөгү коррупциянын бети ачылды
"Милиция кызматкерлери Кара-Суу шаарындагы "Оомат" соода базарында текшерүү жүргүзгөн. Паспортунда Өзгөн шаарынын 42 жаштагы тургуну Ф.Раджапов экендиги жазылган жаранды кылдат иликтөөгө алган учурда ал Кытай эл республикасынын уйгур улутундагы 1973-жылы туулган А.А. аттуу жараны экендиги белгилүү болгон. Дагы бир кытайлык жаран, уйгур улутундагы М.Т. аттуу кишиге Ош облусунун Ноокат районунун 1977-жылы туулган жашоочусу М.Рахмановдун атына паспорт жасалгандыгы аныкталды. Ушундай ыкма менен жалпысынан төрт чет өлкөлүк жана бир кыргызстандык жаранга мыйзамсыз паспорт жасалган фактылар белгилүү болду", — деди Аширбаев.

Бул фактылардын негизинде Ноокат районунун Жаңы-Базар айылдык паспорт-виза каттоо бөлүмчөсүнүн 57 жаштагы кызматкери кармалып, учурда үй камагына чыгарылды. Ага карата Ош ОИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 350-беренесинин (жасалма документ жасоо, даярдоо, жасалма документтерди колдонуу, мамлекеттик сыйлыктар, мөөр) негизинде кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

"Бул кылмыш иштердин алкагында чет өлкөлүк жарандарга паспорт жасоого көмөктөшкөн деген шек менен Өзгөн шаарынын жашоочусу, 39 жаштагы А.Н аттуу аял да кармалып, ага мыйзам чегинде чара көрүлүп жатат", — деди Аширбаев.

Ал ошондой эле аталган аялдын башка кылмыштуу иштерге да катыштыгы бар-жогу такталып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0