"Газпромго" жумушка киргизем деп элден ири суммада акча алган киши кармалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүү"Газпром" ишканасынын логотиби. Архив
Газпром ишканасынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал тергөө амалдары аяктаганга чейин убактылуу кармоо жайына киргизилди

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кишилерди "Газпромго" жумушка орноштурам деп акча алган киши колго түшүрүлгөнүн ШИИБдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматка киребиз деп ири суммада акча бергендер ара жолдо калган.

Милицияга акыркы кайрылгандардын бири 3,1 миң доллар бергенин айткан.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Аткаминердин" айдоочусу Бишкектин тургунун жарым миллион сомго алдап кеткен
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Милиция шектүү адамды кармап, эки жыл мурун да ушундай аракеттери үчүн алты жыл жатак колониясына кесилгенин аныктады. Тергөө амалдары аяктаганга чейин ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Милиция эгер жогорудагы адамдан жабыркагандар болсо Биринчи Май РИИБине кайрылып, ошондой эле (0701) 174-646, (0700) 633-885, (0556) 102-887 телефондору аркылуу байланышса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0