Бишкек — Ош жолуна кар көчкү түшүрүлүп, жол жабылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖолду кардан тазалоо иштери. Архив
Жолду кардан тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеринде Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 124-чакырымында саат 15.00дө кар көчкү атайылап атып түшүрүлгөнүн ЖКККББдан маалымдашты.

"Төө-Ашуунун түндүк тарабына кар көчкү атайылап түшүрүлдү. Окуя болгон жерде Чүй облустук ЖКККББнын кызматкерлери иш алып барууда. Трасса убактылуу жабылды", — деп милициядан билдиришти.

ЖКККББ унаа ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0